Turmush — Кенжебаев Данияр Исамидинович Раззаков шаарынын мэри болуп дайындалды.
Райондук администрациядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка 2026-жылдын 10-апрелинде Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Асылбек Жеңишбек кол койду.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатына аким тааныштырды.
Дания Кенжебаев 1987-жылы 23-октябрда Лейлек районунун Көк-Таш айылында туулган.
Билими:
- 09.2022 - 06.2024 — КРнын президентинин алдындагы Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (магистратура), мамлекеттик башкаруу;
- 09.2017 - 06.2020 — Ош мамлекеттик университети, бизнес жана менеджмет;
- 09.2005 - 06.2010 — Кыргыз-Түрк «Манас» университети, компьютердик инженерия, инженер-программист.
Эмгек жолу:
- 11.11.2025 - жаңы кызматка дайындалган чейин — Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгынын Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча бөлүм башчы;
- 14.01.2024 - 11.11.2025 — Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча бөлүм башчы;
- 15.07.2023 – 14.01.2024 — Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси;
- 14.03.2022 - 15.07.2023 — Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- 21.05.2018 – 14.03.2022 —Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн башкы адиси;
- 18.05.201 5- 21.05.2018 — Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси;
- 04.2012 - 05.2015 — жеке ишкер;
- 08.2010 - 04.2012 — «Дарус» компаниясы, негиздөөчү-программист;
- 05.2008 - 09.2008 — Hotel Phoenix All Suits, Алабама, АКШ, инспектор.
Кошумча билим:
- «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы адам ресурстарын башкаруунун механизмдери» (2017);
- «Товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын мамлекеттик сатып алууларын башкаруу» (2017);
- «Мамлекеттик программаларды жана проекттерди иштеп чыгуу жана реализациялоо» (2017);
- «Коммуникация ыкмалары» (2015), «Коррупцияга каршы саясат. Профессионалдык этика. Гендердик мамиле» (2015).