Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районундагы жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам каза болуп, 6 жаран ооруканага жеткирилди.
Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, кырсык 2026-жылдын 13-апрелинде болжол менен саат 20:10 чамасында Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагынын Тойчу айылында болгон.
Маалыматка караганда, 2007-жылы туулган Т.О. башкарган «Mercedes-Benz C180» үлгүсүндөгү автоунаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан 1986-жылы туулган М.П. башкарган «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц C180» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Т.О. жана анын жүргүнчүлөрү — азиат түспөлүндөгү болжол менен 20-25 жаштагы эки жигит окуя болгон жерде каза болгон.
Ал эми «Honda Stepwgn» автоунаасынын айдоочусу М.П жана анын жүргүнчүлөрү, Өзгөн шаарынын тургундары — 1972-жылы туулган М.М., 1968-жылы туулган А.М., 1981-жылы туулган Р.Х., 2016-жылы туулган Р.А жана Өзбекстан Республикасынын 1970-жылы туулган жараны А.М. денесинен жараат алып, Ош облустук ооруканасына жаткырылган.
Өзгөн шаарынын тургундары — 1954-жылы туулган Р.Х. жана 1964-жылы туулган М.Н. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.