Turmush —
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапарында айтылган маселелер көз жаздымда калбайт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, президент иш сапарынын алкагында дубаш башчысы менене биргеликте 5 күн боюу облустун 7 районун кыдырып чыкты. Анда өлкө бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып, инфратүзүмдүк долбоорлордун аткарылышын көрдү. Анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин курулушу, жол тармагын өнүктүрүү жана аймактарды көрктөндүрүү иштерине көңүл бурулду.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров аймактагы калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир нече социалдык маанидеги объектилердин ачылыш аземине катышты. Ошондой эле 7 райондун тургундары менен жолугушуп, алардын суроо-талаптарын жана көйгөйлөрүн түз угуп, ачык диалог жүргүздү.
16-апрелде дубан башчысы Аманкан Кенжебаев өлкө жетекчисинин иш сапарынын жыйынтыгы боюнча атайын жыйын өткөрдү. Жыйынга өкүлдүн орун басарлары, облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жети райондун акимдери катышты. Аманкан Кенжебаев президенттин эл менен болгон жолугушууларында жалпы 1800дөн ашуун суроо-талап түшкөнүн белгилеп, ар бир райондо көтөрүлгөн маселелерге өзүнчө токтолду. Ал жарандардын кайрылууларынын ар бири көз жаздымда калбай, тиешелүү тармактар боюнча бөлүштүрүлүп, өз убагында аткарылышы керектигин белгиледи.
Ошондой эле облус башчысы жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын билдирип, тиешелүү жетекчилерге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Мындан сырткары жыйында облус аймагында учурда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү жана алдыдагы пландар талкууланып, жооптуу тараптарга так милдеттер жүктөлдү.