Turmush — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап-Ата айылынын тургуну — 63 жаштагы Калысбек Тагаев учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин тарых адистигинде 3-курста окуп жатат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Калысбек Тагаев билим алууга болгон эңсөөсүнө жетүү үчүн 60 жашында Манас шаарындагы «Нур» колледжине тапшырып, 2 жыл окуп, башталгыч класстын мугалими адистигине ээ болгон. Аталган окуу жайын бүткөн жылы, тактап айтканда 2023-2024-окуу жылында ЖАМУга тарых адистиги боюнча тапшырып, күндүзгү бөлүмдө билимин уланткан. 2 жыл Маданият техникумунун, 1 жыл ЖАМУнун №1 жатаканасында жашаган. 2025-2026-окуу жылында үй-бүлөлүк маселеден улам окуусун сырттан окууга которгон.
Калысбек Тагаев 12 бир тууган болсо, 11и мугалим болуп иштешет. Атасы 50 жылдык өмүрүн билим жолуна арнаган. 1984-жылдары өлкөдөгу окуу жайлардын бирине тапшырып, сынактан өтпөй калган. Арадан жылдар өтсө да билим алууга болгон эңсөөсү өчкөн эмес. 60 жашка чыкканда билим алууга бел байлаган.
«Биринчи студент болгондо, биздин колледждин жатаканасы жок болгондугуна байланыштуу техникумдун жатаканасына жайгаштым. Чыгармачыл студенттер жайгашкандыктан ар кандай иш-чараларды өткөрүшөт, мени чакырышат. Башта тартышынса, кийин өздөрүнүн досторундай эле кабыл алып калышты. Аларга улуу катары да, ата катары да билим алуу кеч эместигин, ата-эненин изги тилегин айтып, кеңешимди берчүмүн. Кадимки студенттердей эле берилген тапшырмаларды аткарып, алардын катарынан калбай жооп берип окудум.
Окууну бүтүп жатканда тарых адистиги боюнча окутуучулар сөз кылып калышты. Кызыгып, жогорку окуу жайдан да билим алууну туура көрдүм. ЖОЖдо 1 жыл күндүзгү бөлүмдө окудум, жатаканада жашадым. Былтыркы жылы жубайымдын ден соолугуна байланыштуу окуумду сырттан окуу бөлүмүнө которууга туура келди. 3 жыл жатаканада жашап, күндө окуу жайга барып, ар аптанын ишемби күндөрү айылыма барып келип жүрдүм. Айылдаштарым "студент келе жатат" деп коюшчу», - дейт каарманыбыз.
Ал студенттик доор оңой болбогонун айтат. Ар дайым балдарынан акча суроодон тартынып, айылына барганда долоно, ит мурун терип келип сатчу.
«Ак эмгек менен жашоонун уяты жок деп ойлойм. Ар дайым эле балдардан акча сурай бергенден тартынып деле каласың дегендей. Кээде Арстанбаптагы токойдон долоно, ит мурун тере келип, базарда мен билген "точкаларга" алып келип сатам. Миң сомдун тегерегиндеги акча болуп калат. Ага бир апта жашайт болчумун. Жайында кара жумуш таап иштейм, акырын окуума да акча жыйнап алчумун. Ырас максат койгон соң баарына чыдоо керек. Быйылкы жылы Базар-Коргон шаарында турган баламдын үйүндөгү эшик алдына көчөт өстүрүп сатып көрүп жатам. Мамлекеттен бир аз колдоо болуп жер берилип калса, көчөт тигип сатат элем. Окуу акымды төлөөгө да көмөк болот эле», - дейт ал.
Калысбек ата мугалим болуп иштөөнү эңсеп жүрөт. Бир ирет Базар-Коргон райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилигине барып мугалим болуу ниетин билдирген, кайрадан кайрыла элек.
«Билим алуу кеч эмес экенин мисалдап көрсөтсө кубанып калат экенсиң. Эми алган билимиме таянып, 2-3 жыл бир аз балдарга сабак берсем деген ниетим бар. Тарых адистиги боюнча дипломду алып алсам, бул кесип боюнча да иштөөнү кыялданып жүрөм. Базар-Коргонго мектептер аралык музей курулса жакшы болмок», - деди ал.
Калысбек Тагаев 4 баланын атасы