Turmush — Жогорку сот «Aurum» ресторанында УКМКнын тергөөчүсүнүн ишине тоскоолдук жараткан адамдын ишин карап чыкты.
Сот актыларынын мамлекеттик реестринде жарыяланган материалдарга караганда, Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсүнүн рапортунун негизинде, алдын ала текшерүү башталган. Себеби УКМК 2025-жылдын 26-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча козголгон кылмыш ишти иликтеп жаткан.
Бул иштин алкагында Жалал-Абад шаары (азыркы Манас шаары) менен Сузак районундагы ишкерлик субъекттеринин салык төлөөдөн качуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан. Тергөөнүн максаты кассадагы накталай каражаттардын, ККМ маалыматтарынын жана R-Keeper тутумунун фискалдык маалыматтарынын шайкештигин аныктоо, ошондой эле кызматкерлердин реалдуу санын, алардын кызмат орундарын жана иш жүзүндөгү эмгек акысын аныктоо болгон.
Материалдарга караганда, 2025-жылдын 27-февралында улук тергөөчүнүн жетекчилиги астындагы ыкчам тергөө тобу Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан «Aurum» ресторанына тинтүү жүргүзүү үчүн келген. Буга чейин тергөөчү «Aurum» жана башка коомдук тамактануу жайларына тинтүү жүргүзүү өтүнүчү менен Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылып, ал сот тарабынан канааттандырылган.
Объектке келген УКМК тобу салык кызматкерлери менен биргеликте кафенин жооптуу кызматкерлерине кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүп, аларды соттун тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген токтому менен тааныштырышкан.
Бирок ошол учурда Аман [аты өзгөртүлдү 1982-жылы туулган Б.А.А.] өзүн жөнөкөй кардар катары көрүнүп, тергөө аракеттери анын тамактануусуна тоскоолдук кылып жатат деген шылтоо менен бийлик өкүлдөрүн одоно сөздөр менен кемсинте баштаган. Ал ресторандын кызматкерлерине тергөөчүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөнү буйруган. Расмий тинтүү жүрүп жатканын билип туруп, Аман 2 жолу милиция чакырып, «Aurum» кафесине «каракчылык кол салуу болгондугу тууралуу жалган маалымат берген.
Тергөө органдарынын пикири боюнча, Аман объективдүү иликтөөгө тоскоолдук кылуу максатында мекеменин кызматкерлеринин жашыруун качып кетишин уюштурган. Анын аракеттеринин натыйжасында каржылык документтер жана иш үчүн маанилүү башка буюмдар өз убагында алынбай калган, кызматкерлердин так саны аныкталган эмес. Натыйжада УКМК кызматкерлери кафенин бардык эшиктерин жабууга жана мөөр басууга аргасыз болушкан.
Аман Жалал-Абад шаардык сотунун 2025-жылдын 19-июнундагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 355-беренесинин 1-бөлүгү (сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
Бирок ал 354-берене (прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ишине тоскоолдук кылуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Кылмыш-жазак кодексинин 78-беренесине ылайык, 2024-жылдын 17-декабрындагы өкүмү менен азыркы жазасы жарым-жартылай кошулуп, 70 миң сом өлчөмүндө айып пул дайындалган. Ал сот залынан өкүм күчүнө киргенге чейин чыкпоо тил каты астында бошотулган.
Ал эми 2025-жылдын 16-сентябрында Жалал-Абад облустук соту бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.
Аман Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылып, күнөөсүн жана жасаган аракетин жазык мыйзамына туура келгендигин талашпастан, жазаны жумшартып, айып пулду азайтууну суранган.
Жогорку сот иштин материалдарын карап чыгып, анын күнөөсү толугу менен далилденгени, анын аракеттеринин укуктук баасы туура экендиги жөнүндө тыянак чыгарды. Жыйынтыгында айып пулду азайтууга негиздерди тапкан эмес.
Жогорку сот Аманга карата 2025-жылдын 19-июнундагы Жалал-Абад шаардык сотунун жана 2025-жылдын 16-сентябрындагы Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн күчүндө калтырып, кассациялык арызды канааттандыруусуз калтырууну чечти.
Бул чечим акыркы жана даттанууга жатпайт.