Turmush — Ташыбеков Аскат Урказыевич Мамлекеттик салык кызматынын Ак-Суу району боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка 2026-жылдын 14-апрелинде кол коюлду. Жаңы жетекчини эмгек жамаатына район башчысынын орун басары Гүлзат Суранчиева тааныштырды.
Ташыбеков Аскат Урказыевич 1987- жылы 9-августта туулган. Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Билими:
- 2003-2006-жылдары — А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму;
- 2005-2010-жылдары — К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, финансы жана кредит факультети.
Эмгек жолу:
- 2007-2008-жылдары — жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн инспектору;
- 2008-жыл — салык төлөөчүлөрдү каттоо жана издөө бөлүмүнүн инспектору;
- 2008-жыл — салыктарды, төлөмдөрдү чогултууну жана салык карызын өндүрүүнү контролдоо бөлүмүнүн инспектору;
- 2009-жыл — салык карызын өндүрүү бөлүмүнүн улук инспектору;
- 2010-жыл — салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн инспектору;
- 2012-жыл — Каракол шаары боюнча салык башкармалыгынын рейддик салыктык контролдоо жана хронометраждык изилдөө бөлүмүнүн инспектору;
- 2015-жыл — Каракол шаары боюнча салык башкармалыгынын атайын салык режимдери бөлүмүнүн инспектору;
- 2017-жыл — Ак-Суу району боюнча салык башкармалыгынын салыктык текшерүүлөр секторунун башкы инспектору;
- 2020-жыл — өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын карызды өндүрүү бөлүмүнүн башкы инспектору;
- 2022-жыл — Ысык-Көл району боюнча салык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
- 2024-жыл — Кемин району боюнча салык башкармалыгынын жетекчиси;
- 2024-жылдын сентябры - 2025-жылдын октябры — Балыкчы шаары боюнча салык башкармалыгынын жетекчиси.
Кошумча:
- Салык кызматынын 1-рангадагы кеңешчиси;
- Каракол шаары боюнча салык башкармалыгынын ардак грамотасы;
- Каракол шаардык кеңешинин ардак грамотасы;
- Каракол шаардык мэриясынын ардак грамотасы;
- Облустук салык башкармалыгынын ардак грамотасы;
- Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ыраазычылык баракчасы;
- КР Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын грамотасы;
- Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы.
- КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ардак грамотасы.