Turmush — Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылында кулпунай терүү сезону башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жергиликтүү дыйкан Шумкар Эргешовдун айтымында, алгачкы бышкан кулпунайдын 1 килограммы 1500 сомго чейин сатылган.
«Кеч күздө 1 гектардан ашуун жерге кулпунай көчөттөрүн отургузгам. Бул жерге жалпысынан клери сортундагы 60 миңден ашуун көчөттү 12 сомдон сатып алгам. Жерге суу чыгаруудан баштап, 1 гектар аянтта кулпунай өстүрүүгө 2 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.
Сезон акыркы 2-3 күндөн бери кызуу башталды. Алгач бирин-серин бышкан учурда 1 килограммы 1500 сомго чейин сатылды. Азыр дүң баада сорттолгон ири мөмөлөрү 500 сомдон, ал эми майдалары 300 сомдон сатылууда.
Мээнети абдан оор, чыгымы да ошого жараша. Бул дыйканчылыктын татаал түрлөрүнүн бири. Сатып алууга талап жакшы, Россияга жөнөтүп жатабыз. Ар бир ящигин 2 килограммдан даярдап беребиз. Азыркы учурда кетүүгө чоң жүк ташуучу 4 унаа даяр турат», - деди ал.
Кыргыз-Кыштак айылы Баткен облусундагы эң ысык аймактардын бири болуп саналат. Ушундан улам бул жерде мөмө-жемиштер башка аймактарга салыштырмалуу эрте бышат.
Turmush мурда жазгандай, 2025-жылы Ысык-Көл облусунун тургундары кулпунай өстүрүүгө өтүшкөн. Мурунку жылдары Ысык-Көл облусундагы кулпунай өстүрүлгөн аянт 100 гектардан ашпаса, быйыл ал 400 гектарда өстүрүлүүдө. Кулпунай жергиликтүү дыйкандарды барган сайын көбүрөөк кызыктырууда.
Агросектордун адистери, кулпунай өстүрүүгө болгон кызыгуунун жогорулашы жакшы баага байланыштуу деп эсептешет. Анткени ал айыл чарбасынын кирешелүү багыты.
Аймактын тургундары өстүрүлгөн продукция ички рынокко, ошондой эле тышкы рынокко — Россияга жана Казакстанга жөнөтүлүп жатканын айтышкан. Бүгүнкү күндө 1 килограмм кулпунай 150-200 сомдон сатылууда. Жаан жаап жатканда, түшүмдүн көлөмү азаят. Ошондо баа 250 сомго чейин көтөрүлөт. Түшүм атайын уюштурулган пункттарда сатылып алынат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстан 825 миң долларлык кулпунай экспорттогон.
Айыл чарба министрлиги 2030-жылга чейин 1 миллиард долларга жетүү үчүн жыл сайын 143 миллион долларлык кулпунай экспорттоо керек деп эсептеген. Ошондо гана 2030-жылга чейинки 7 жылдын ичинде ата мекендик өндүрүүчүлөр 1 миллиард доллар кирешеге жетет.
Сезонго жараша кулпунайдын килограммынын баасы 250 сомдон 1000 сомго чейин өзгөрүп турат.