Turmush — Жумгал районунун Чаек айылынын тургундары жайыт бөлүмүнүн ишине нааразы болуп чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондйо, Чаек айыл өкмөтүнүн имаратына чогулган эл «Чаек» муниципалдык ишканасынын алдындагы жайыт бөлүмүнүн жайытка болгон салыктын тарифинин 2 эселеп көтөрүлгөн баада бекитилишине, жайыт акыдан түшкөн каржынын мыйзамсыз пайдаланып жатышы жана бөлүм башчынын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, жайыттарды пайдалануу өз билемдик, өң тааныш аркылуу жүрүп жатканына нааразы болуп чогулушту.
Чогулган элдин арасында жайыт пайдалануучулар, жергиликтүү тургундар, чабандар жана жергиликтүү кеңештин айрым депутаттары бар. Алар 2023-жылдан бери жайыт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келе жаткан Эсенгул Карагуловдун бөлүм башчы болуп иштөөгө билими жоктугун, бул кызматка жогорку же атайын орто кесип талап кылынарын айтып, кызмат абалын кароону, ошондой эле башчыдан отчет ала албай жаткандарын, жайыт акыга болгон каржылар кандай жумшалганын, эмне иштер жасалганын билүүнү талап кылышты.
Ошондой эле жайыт жолдорунун жазалбай жатышы, каржынын бардыгы айлык акыга жумшалып жатканын, чабандар көчүп конууда кыйынчылыктарга туш келип, бөлүм башчы тарабынан бир топ кысымдарга дуушар болуп жатканын билдиришти. Аны менен катар быйылкы жылдын жайыты үчүн тарифти эл менен кеңешпестен айылдык кеңеште шашылыш эле токтом чыгып калганын айтышып, ал токтомду артка кайтарууну талап кылышты.
Ал эми жайыт бөлүмүн башчысы Эсенгул Карагулов элдин дооматтарын угуп, отчетту муниципалдык ишкана башчысы менен айыл өкмөт, башкы эсепчиге берерин, элге отчет берүү анын ишмердүүлүгүндө жок экенин белгилеп, ага карата дооматтар негизсиз экенин билдирди.
Ошондой эле ал азыр 3 айылды караган жайыт бөлүмүнүн башчысы эмес катардагы эле Чаек айылынын жайытын карап калганын айтып, мындан ары бир эле айылдын жайытын карап турарын суранды. Бирок буга эл макул болгон жок. Чогулгандар кызматын тапшырып кетишин талап кылышты.
Ал эми Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Күчмуратов жайыт бөлүмүндө реформа болгон жатканын, бөлүм башчынын кереги жоктугун, эсепчи контролерлордун зарыл эместигин айтып, бул жагдайды чече турганын убадалады. Бирок чогулган эл бөлүм башчы менен иштешүүнү токтотуу керектигин айтышып, токтоосуз кызматтан кетишин талап кылышты.
Чаек айыл өкмөтүнөн жыйынтык күтө албаган эл райондук бийликке бара тургандыгын айтып, район акими Адыбек Набиевге барышты. Райондук мамлекеттик админитсрациясында район жетекчиси, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба жана ветеринария кызматы менен биргеликте элдин үнүн угушту. Бул жерде район башчысы айыл өкмөтү менен тиешелүү тармак ээлерине 1 жума убакыт берип, бул ишти чечүүнү табыштады. Ал эми чогулган эл 1 күндөн соң кайрадан жалпы элдик жыйын кылып, дал ушул жайыт маселесин, андагы бөлүм башчысынын кызмат абалын, ошондой эле тариф боюнча маселени эл менен бирге чечилишин өтүнүп, тарап кетишти.