Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 07.02.2018 18:31

Тогуз-Тородо митингге чыккан эл тарап кетти

Turmush -  Бүгүн, 7-февралда Тогуз-Торо районунда «Джи Эл Макмал Девелопинг» чакан заводунун курулуп жатканына нааразы болуп митингге чыккан тургундар тарап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү активист Руслан Дүйшеев билдирди.

Анын айтымында, нааразычылыкка чыккандар 10 күн мөөнөт коюшкан.

Буга чейин жергиликтүү тургундар митингге болжол менен 500гө жакын адам чогулганын маалымдашкан. Алар комбинатты көздөй жөө жүрүшкө чыгышкан. Тургундар 7 күн мурда берилген мөөнөт бүткөнүн айтып, комбинаттын курулушун токтотууну талап кылышкан болчу.

Буга чейин заводдун иштөөсү калкка зыянын тийгизет деп нааразы болгон тургундар 1-февралда митингге чыгып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө 7-февралга чейин мөөнөт берип тарап кетишкен.

Маалым болгондой, жаңыдан курулуп жаткан заводду июнь айында ишке киргизүү пландалып жатат. Алтынды ылгап алуучу завод айына 165 кг алтынды ылгоо мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

Маалым кат:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жээналиев Максат Субанбекович эсептелинет. Негиздөөчү катары «КУРАНДЫ ДЕВЕЛОПИНГ» жана Ян Вэйхун жоопкерчилиги чектелген коомдору эсептелет. ЖЧК негизинен кымбат баалуу металлдарды өндүрүү менен алектенет. Компания 2017-жылдын 13-июлунда кайра каттоодон өткөн.

М.Жээналиев буга чейин «Кыргызалтын» ААКтын тышкы экономикалык байланыш жана инвестициялар боюнча вице-президенти болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×