Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо тургундар кайрадан митингге чыгышты (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 7-февралда Тогуз-Торо районунда «Джи Эл Макмал Девелопинг» чакан заводунун курулуп жатканына нааразы болгон тургундар кайрадан митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, митингге болжол менен 500гө жакын адам чогулду. Алар учурда комбинатты көздөй жөө жүрүшкө чыгышты. Тургундар 7 күн мурда берилген мөөнөт бүткөнүн айтып, комбинаттын курулушун токтотууну талап кылышууда.

Буга чейин заводдун иштөөсү калкка зыянын тийгизет деп нааразы болгон тургундар 1-февралда митингге чыгып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө 7-февралга чейин мөөнөт берип тарап кетишкен.

Маалым болгондой, жаңыдан курулуп жаткан заводду июнь айында ишке киргизүү пландалып жатат. Алтынды ылгап алуучу завод айына 165 кг алтынды ылгоо мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

Маалым кат:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жээналиев Максат Субанбекович эсептелинет. Негиздөөчү катары «КУРАНДЫ ДЕВЕЛОПИНГ» жана Ян Вэйхун жоопкерчилиги чектелген коомдору эсептелет. ЖЧК негизинен кымбат баалуу металлдарды өндүрүү менен алектенет. Компания 2017-жылдын 13-июлунда кайра каттоодон өткөн.

М.Жээналиев буга чейин «Кыргызалтын» ААКтын тышкы экономикалык байланыш жана инвестициялар боюнча вице-президенти болуп иштеген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2361
Көп окулду
×