Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.43    84.87    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Торого жаңы техникалар келди

Turmush -  Тогуз-Торо районунда үч айыл өкмөттө машина - трактордук 3 станция уюштурулду. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева 11-январда кабарлады.

Анын билдиришинче, райондун Каргалык айыл өкмөтүндөгү МТСке баасы 11,5 миллион сомдук үч техника коюлду. Ал эми Атай жана Көк-Ирим айыл өкмөттөрүнүн аймактарынын ар биринде баалары 6 млн 350 миң сомдук экиден техника жайгаштырылат.

Жергиликтүү МТСтерди уюштурууга жана аларга тиешелүү техникаларды сатып алууга райондогу өнүктүрүү фонду менен айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджеттери зарыл каражаттарды сарптады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 340
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×