Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 03.01.2018 10:55 Жаңыланды: 03.01.2018 14:06

Тогуз-Тородо сыналгы көргөн Алиса аттуу түлкү кайрадан пайда болду (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылындагы тоо кырдагы телемунарада иштегендердин үйүнө Алиса аттуу түлкү кайрадан келе баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган мунаранын кызматкери Чыңгыз Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы аталган түлкү алардын үйүнө күндө келип жүргөн. Бирок ортодон дайынын билдирбей калган.

«Бул жылы да биз жашаган үйгө түлкү келип, терезени такылдатып, тамак сурады. Алиса тамак жеп, үйгө кирип көнүп калган. Терезени ачып чакырсак келет, тамак ичип курсагын тойгузуп, сыналгы көрүп алып кайра кетип калат. Ал буга чейин бир бутунан ажырап чолок болуп калган. Мергенчилер тарабынан коюлган капканга түшүп калып, бутун алдырган окшойт», - деди Ч.Абыкеев.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

01.04.2017Тогуз-Тородогу телемунарада иштегендердин үйүнө күндө кечкисин келген түлкү алдыңкы оң бутунан айрылды (фото)
09.03.2017Фото, видео - Тогуз-Тородогу телемунарадагы үйдөн тамактанып, ноутбуктан видео көргөн түлкү адамдарга көнүп калды
15.01.2017Тогуз-Тородогу телемунаранын кызматкерлери жашаган үйгө Алиса аттуу түлкү кечинде да конокко келди (фото, видео)
14.01.2017Фото, видео — Тогуз-Торону байырлаган түлкү телемунарада иштегендердин үйүнөн тамактанып, ноутбуктан видео көрүп кетет
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×