Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 05.10.2017 16:34

Тогуз-Тородо 2 адам «Ардактуу атуул» наамын алды

Turmush -  Тогуз-Торо районунун өнөрпоздорунун Бишкекте өткөн концертин даярдап чыгарууга катышкандардын ичинен эки адамга «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамы берилди. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Г.Султангазиева кабарлады.

Анын айтымында, бул наам райондо туулуп өсүп, азыр Бишкекте жашап-иштеп жүргөн Улуттук консерваториянын бийчиси Зарылбек Молдобакировго жана радио алып баруучу Чынара Итигуловага тапшырылды. Аларга төш белги менен күбөлүк ыйгарылды.

Тогуз-Торо районунун өнөрпоздору жакында Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда 48 номур аткарышты. Репертуарга кирген номурлардын ичинен беш ыр-күү «Камбаркан» оркестринин коштоосу менен жаңырды. Иш-чара быйылкы Адеп, маданият жана ыйман жылына арналды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×