Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 05.08.2017 14:07 На русском

Фото - Тогуз-Тородо 5 жылдан бери курулуп жаткан мектеп быйыл пайдаланууга берилет

Turmush -  Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо районуна караштуу Тогуз-Торо айыл аймагында 225 орундуу мектептин курулушу улантылып жатат. Калдыбай атындагы орто мектептин 2012-жылы курулуп баштаган жаңы имаратын октябрь айында пайдаланууга берүү пландалып жатканын аймактык кабарчы билдирди. Курулуш иштери менен кечээ, 4-августта облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев жетектеген бийлик өкүлдөрү таанышып чыкты.

Эки кабаттуу мектептин жалпы сметалык баасы 70 млн сомду түзүп, анын ичинен 36 млн сому каржыланган. Быйыл мектептин окуу имараты толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×