Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 04.08.2017 10:09

Фото - Тогуз-Тородо жүк ташыган унаа жолдон чыгып кетти

Turmush -  Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы Бейше мектебине курулуш каражаттарын жүктөп бара жаткан унаа жолдон чыгып кетти.

31 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Бакыт Бегалиевдин айтымында, окуя кечээ, 3-августта Жалал-Абад–Казарман жолунун 64-чакырымында болгон. Бул аймакта оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып кеткен учур буга чейин катталган эмес. 

«Унааны техниканын жардамы менен жолго алып чыгуу аракеттери көрүлүп жатат. Окуяга айдоочунун жаштыгы, тажрыйбасынын аздыгы себеп болушу мүмкүн», - деди жетекчи.

Айдоочу оор жаракат алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×