Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 01.07.2017 11:51

Бул жылы өлкөдөгү ички жолдорду оңдоо жана курууга 750 млн сом бөлүнгөн

Turmush -  Быйылкы жылы өлкөдөгү ички жолдорду оңдоо жана куруу иштерине 750 млн сом бөлүнгөн. Тийиштүү иштердин сапаттуу жүргүзүлүшү өкмөттүн көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу өкмөт башчы С.Жээнбеков кечээ, 30-июнда Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районундагы ички жолдордун абалы менен таанышуу учурунда айтты.

Өкмөт мүчөлөрү Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл аймагындагы №18 жол тейлөө  ишканасынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, аталган жол тейлөө ишканасы 1967-жылы түзүлгөн. Мекеме облустук, республикалык жана эл аралык масштабдагы жолдорду курууну тейлейт. Учурда анда 40 адам эмгектенет жана зарыл болгон жол техникаларына ээ.

Мекеме учурда райондогу Казарман—Акталчат, Жалал-Абад—Казарман сыяктуу ички жолдорду көзөмөлдөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×