Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 06.05.2017 15:34

Тогуз-Торонун акими жазык жоопкерчиликтен бошотулду

Turmush -  Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду райондук сот жазык жоопкерчиликтен бошотуп, козголгон ишти өндүрүштөн кыскартты. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, 304-берененин 1-бөлүмү менен айыпталган акимге карата райондук сот 2017-жылдын 16-мартында токтом чыгарган.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, мындай чечимге КРнын Кылыш-жаза кодексинин 67-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткени негиз болгон. 

«Соттун токтомуна даттануу болбогондуктан, өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди», - деп айтылат билдирүүдө.

Акимге 2014-жылы 18-декабрда КРнын Кылмыш жаза кодексиндеги 279-304-беренелердин негизинде кылмыш иш козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×