Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 24.02.2017 15:26

Тогуз-торолуктар авиакырсыктан жабыркагандарга 622 миң сом материалдык жардам жиберди

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы 69 мекеме-ишкананын жана беш айыл өкмөттүн бардык кызматкерлери Дача СУ аймагындагы авиакырсыктан жабыркагандар үчүн бир күндүк эмгек акыларын топтоп беришти.

ӨКМ ачкан атайын эсепке тогуз-торолуктардын атынан 622 миң 666 сом акча которулганын акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева 23-февралда билдирди.

Анын айтымында, эң көп өлчөмдөгү каражат — 160 миң 369 сом «Макмал» алтын кен комбинатынын эмгек жамаатынан топтолду. Ошондой эле, 104 миң 381 сомду Тогуз-Торо райондук биргелешкен ооруканасынын медициналык кызматкерлери чогултту.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 21-февралда саат 12:00гө карата авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачкан эсепке жалпы 91 млн 583 миң 725 сом чогулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×