Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 22.02.2017 09:04

Тогуз-Тородо Ата Мекенди коргоочулар сыйланды

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы улгайган адамдардын борборунда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленди. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева кабарлады.

Анын айтымында, иш-чараны райондук ардагерлер кеңеши менен райондогу социалдык өнүктүрүү башкармалыгы уюштурду. Ата Мекенди коргоочулар күнүнө Каргалык айылында жашаган улгайган адамдардын арасынан 60-70 жаш курагындагы 15 адам катышты. Аларга түшкү сый тамак берилип, баалуу белек-бечкектер тапшырылды.

Аларды Ата Мекенди коргоочулардын келе жаткан күнү менен Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Акматов куттуктап, узун өмүр, бекем ден соолук жана бактылуу карылык каалады.

«Тогуз-Торо районунда Улуу Ата Мекендик согуштун бир катышуучусу жашайт. Ал райондун Каргалык айыл өкмөтүнүн тургуну 91 жаштагы Сыдык Нурмамбетов», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×