Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 20.02.2017 08:45

Казарман—Нарын унаа жолу үч күнгө жабылды

Turmush -  Кар көчкүгө байланыштуу бүгүн, 20-февралда Казарман—Нарын унаа жолу үч күнгө жабылды.

Тогуз-Торо РИИБдин Патрулдук милициясынын ага тескөөчүсү Раатбек Исаев аймактык кабарчыга билдиргендей, ар кандай кырсыктарды алдын алуу максатындагы буйрукка райондун акими кол койгон.  

Маалым болгондой, Казарман—Нарын жолунун 74-76-чакырымдарына кечээ көп көлөмдөгү кар көчкү түшкөн. Адамдар жабыркаган жок. №18 жол тейлөө ишканасы тарабынан көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×