Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 04.02.2017 13:00

Казарман—Акталчат—Нарын унаа жолуна эки жолу көчкү түшүп, тазаланды

Turmush -  Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы Казарман—Акталчат—Нарын унаа жолунун 63-64-чакырымдары кар көчкүдөн тазаланды. ӨКМ билдиргендей, аталган унаа жолдо бүгүн, 4-февралга караган түнү саат 01:40 чамасында 105 метр куб кар көчкү түшкөн.

Ошондой эле, саат 02:10 чамасында 23-24-чакырымында 100 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Адамдар жабыркаган жок.

Техникалардын күчү менен унаа жол саат 04:40та толугу менен тазаланып бүттү. Учурда эки тараптуу каттам ачык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×