Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 31.01.2017 17:53

Тогуз-Торо районунда 6,3 млн сомго МТС ачылды

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл аймагында дыйкандар үчүн шарттар түзүлүп жатат. Жакында бул айылда машина-трактордук станция уюштурулду. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева кабарлады.

Анын айтымында, МТСти ачууга жана техникаларды сатып алууга Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондунан 6 млн 350 миң сом каражат бөлүндү. Ал каражатка «Беларусь» үлгүсүндөгү үч трактор, бир чиркегич, 2 чөп чапкыч, бир чөп таңгактагыч алынды.

Мындай МТС 2015-жылы Каргалык айыл өкмөтүндө да жергиликтүү бюджеттин эсебинен ачылган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×