Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Тогуз-Торонун Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп М.Акматбеков шайланды

Turmush -  Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп М.Акматбеков шайланды. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева 31-январда кабарлады.

Анын билдиришинче, өткөн жумада Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого бул айылдык кеңештин 21 депутаты толугу менен катышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерлердин бири Өмөр Дөөлөтов үчүн 8 депутат, ал эми экинчи талапкер Мунарбек Акматбеков үчүн 12 депутат добуш берди. Депутаттардын бири айыл өкмөт башчылыгына талапкер болгон эки адамга тең каршы добуш берген.

Натыйжада буга чейин райондогу «Жетиген» көмөкчү чарбасынын электриги жана Каргалык айылдык кеңешинин депутаты болгон М.Акматбеков айыл өкмөт башчы болуп шайланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2597
Көп окулду
×