Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 31.01.2017 14:07

Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчылыгына А.Токтоналиев шайланды

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Амангелди Токтоналиев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган кызматка Тойгонбай Молдобаев, Амангелди Токтоналиев, Руслан Асеинов ат салышты. Шайлоого Сары-Булуң айылдык кеңешинин 11 депутаты толугу менен катышты.

2-айлампада Амангелди Токтоналиевге 6 депутат, Руслан Асеиновго 5 депутат добуш берди.
Амангелди Токтоналиев буга чейин Тогуз-Торо районундагы №45 кесиптик-техникалык лицейдин директору болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×