Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 24.01.2017 16:45

Тогуз-Торонун 2 айыл өкмөтүнүн башчылары кайра шайланат

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы Каргалык жана Сары-Булуң айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 26-январга белгиленди. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева кабарлады.

Анын айтымында, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчылыгына эки адамдын талапкерлиги көрсөтүлдү. Ал эми Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчылыгына төрт адамдын талапкерлиги коюлары белгилүү болду.

Эскертчү жагдай, райондун бул эки айылдык кеңештеринин төрагалары да жергиликтүү кеңештердин шайлоосунан кийин жаңыланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×