Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Жалал-Абад

Фото, видео — Тогуз-Торону байырлаган түлкү телемунарада иштегендердин үйүнөн тамактанып, ноутбуктан видео көрүп кетет

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылындагы тоодо жашаган түлкү телемунарада иштегендердин эшигин күн сайын бир маал каккылайт. Ал адамдарга көнүп калды. Бул тууралуу Turmush басылмасына телемунаранын кызматкери Эрлан Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, 10-15 күн мурун алар жашаган үйдүн терезесине түлкү келип такылдата баштаган. Ага алгач терезеден тамак беришкен. Андан 2 күндөн кийин түлкү ачып койгон эшиктен үйгө кирип тамак иче баштаган. Ал жактагылар акылдуу түлкүгө Алиса деген ысым ыйгарып коюшкан.

«Алгач терезеден түлкүгө өзүбүз жеген тамак-аштан берип жүрдүк. Андан кийин үйгө чакырсак кирип келди. Ошондон бери үйгө киргизип тамак бере баштадык. Атын Алиса деп атап койгонбуз. Үйгө киргенден кийин тамак ичет, андан соң сыналгы же ноутбуктагы видеолорду карап отура берет. Бир маалда өзү эле кетип калат. Бул түлкүнү атпайбыз жана башка бирөөгө бербейбиз деп чечтик», - деди Э.Асаналиев.

Телемунаранын кызматкерлери ошол жерде курулган үйдө жашашат. Алардын айтымында, телемунара жайгашкан тоодо абанын түнкү температурасы -30...-32 градус болуп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 25861
Көп окулду
×