Turmush — Бүгүн, 21-апрелде АКИпресс-Ошто Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айылдык кеңешинин депутаттары маалымат жыйын өткөрүштү.
Алардын айтымында, 2021-жылы айыл өкмөттүн бюджети канча болсо, 2025-жылы деле чоң өзгөрүү болгон жок. Буга карабай, 4 жылдын ичинде айыл өкмөттүн аймагына 4 жаңы кыш заводу курулган.
Ак-Турпак айылдык кеңешинин депутаты Кайратбек Сеитмуратов айыл өкмөттүн бюджетин көбөйтүү маселеси колдоо таппай калганын айтты.
«Мамлекеттик фонддун 425 гектар жери боюнча бир тараптуу келишимдерди жокко чыгарып, аукцион аркылуу сатып, айыл өкмөттүн бюджетин көтөрөбүз деген максатта 21 депутат бул маселени бир добуштан колдогонбуз. Бул маселе боюнча чечим кабыл алдык. Бирок ал дагы ишке ашпай калды. Кийинки сессияда биздин бир добуштан кабыл алган чечим күчүн жоготту дагы, ижарага берилген жерлердин ичинен «бактар калсын, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жери калсын» деп отуруп, 425 гектар жерден аз эле жер аукционго чыгып калды. Бюджетти көтөрөбүз деген максатыбыз ишке ашкан жок. 2021-жылды жыйынтыктап жатканда айыл өкмөттүн бюджети 30,5 млн сом болсо, азыр 31 млн 700 миң сом эле болуп жатат. Бюджет көтөрүлбөгөнү менен өзгөрүүлөр көп. 2021-жылдан бери 4 жаңы кыш завод курулду. 1 бетон-цемонт заводу курулду. Лицензия берүү жана башка маселелер боюнча да биздин айыл өкмөттүн бюджети көтөрүлбөй жатат. Биздин негизги максатыбыз бюджет көтөрүлсүн, элдин маселеси чечилсин деген эле максат болчу», - деди ал.
Ал эми Ак-Турпак айылдык кеңешинин турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Алмазбек Мамараимов буларга токтолду.
«2022-жылы Ак-Турпак айыл өкмөтүндө «элге турак жайга жер берилсин» деген токтом кабыл алынган. Ошол токтомдо депутаттар 1 миң 840 адамдын тизмесин бекитип берген. Ар бир айылга калктын санына карап квоталар бөлүнгөн. Мен мурда айыл башчы болуп иштеген жаңы Жетиген айылына 17 же 20 квота бөлүнгөн. Ошол 17 адамдын тизмесинин ичинде 4 эле адам Жетиген айылынын туруктуу жашоочусу болгон. Мен Жетиген айылынан депутат болуп шайланып келгенден кийин да Жетиген айылынын кайсы жашоочусуна жер берилгени боюнча тизмени ала алган жокмун. Ошол учурларда Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн башка айыл өкмөттүн тургундары эски дата менен жерлерди алып жатканы боюнча укук коргоо органдарына арыз жазганбыз. Эски дата менен башка айыл өкмөттүн 3 жараны жер алганы боюнча маалыматтар чыкты. Укук коргоо органдарына кайрылсак, эч кандай чара көргөн жок. Ошондуктан президент, УКМКнын башчысы, сиздерге кайрылабыз, маселебизди карап коюңуздарды суранабыз», - деди ал.
Ошондой эле депутаттар айыл өкмөткө ижарадан 8 млн сом гана түшкөнүн айтышты. Алар кошумчалагандай, көп келишимдер негизсиз, мыйзам бузуу аркылуу түзүлгөндүктөн айыл өкмөт ижарачылар үчүн ижара акыны көтөрө албай жатат.
Депутаттарга Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Маканбаев жооп берип, айыл өкмөттүн бюджети тууралуу маалымат берди.
- 2021-жылы теңдештирүүчү грант менен кошо — 30 594,0 миң сом;
- 2022-жылы теңдештирүүчү грант менен кошо — 29 357,7 миң сом;
- 2023-жылы теңдештирүүчү грант менен кошо — 37 749,3 миң сом;
- 2024-жылы теңдештирүүчү грант менен кошо 37 603,5 миң сомго бекитилген болсо, жылдын жыйынтыгы менен жалпы теңдештирүүчү грант менен кошо 48 323,3 миң сом аткарылды. Анын ичинен жергиликтүү бюджет гранттан сырткары 38 926,9 миң сомду түздү;
- 2025-жылга жергиликтүү бюджети өзү 31 776,6 миң сом деп бекитилген.
«Белгилеп кетчү жагдай, 2024-жылы айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджетти көтөрүү боюнча аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыгында 2025-жылга карата Ак-Турпак айыл өкмөтү дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн тизмесинен чыгарылып, мамлекет тарабынан берилүүчү теңдештирүүчү грант токтотулган. Учурда 2025-жылдын ичинде дагы жергиликтүү бюджети мындан ары да көтөрүү максатында жигердүү ишмердүүлүк жүрүп жатат.
Мындан сырткары маалыматта айтылгандай ,Мамлекеттик фонддун 425 гектар жери тууралуу: бүгүнкү күндө бул жерлердин ичинен 120 гектар жер гана ачык аукционго коюлган. Себеби калган аянттар боюнча ижара келишимдеринин мөөнөтү бүтө элек.
Өнөр жай багытындагы маалыматтарга токтоло кетсем, 2021-жылдан бери айыл аймагында 2 кыш заводу иштеп келүүдө.
2024-жылдан тарта 1 бетон курулуш материалдарын чыгарган завод ишин баштады. Маалыматта айтылгандай, 4 кыш заводу курулду деген маалымат чындыкка дал келбейт жана элге туура эмес маалымат берилген.
Ал эми жергиликтүү тургундарды турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу маселеси боюнча, атайын түзүлгөн комиссия кезектүүлүк тартибинде, так жана ачык негизде иш алып барууда», - деди ал.